Жуманын аягында күн жылыйт

Жуманын аягында күн жылыйт13-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-ноябрда Бишкекте түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. 13-ноябрда күндүз жана 14-15-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

14-17-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

18-19-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты