Экономика министрлиги кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтууну сунуштады

  • 1 год мурун

Экономика жана коммерция министрлиги кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтууну сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору 24-мартта коомдук талкууга коюлду.

Токтомго ылайык, бааларды төмөнкүдөй кылып өзгөртүү сунушталууда:

Кумарканадагы бир оюн столу (флот) үчүн:

— 2023-жылы – 450 000 сом (азыркы талап боюнча 1 млн. сом);

— 2024-жылдан тартып – 600 000 сом ( азыр 1 млн. 250 миң сом);

Оюн автоматтар жана компьютердик симулятор залдарында бир оюн автоматы үчүн:

— 2023-жылы – 10 миң сом (азыр 75 миң сом);

— 2024-жылдан тартып — 15 миң сом (азыр 100 миң сом);

Министрлик мындай өзгөрүү инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүү максатында жүрүп жатканын, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экономикалык кырдаалды эске алуу менен бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген салыктык ставка иштелип чыкканын билдирди.

Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн кумаркана ачууга уруксат берген «Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө” жана “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдарына президент Садыр Жапаров былтыр 30-июнда кол койгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты