Бишкекте дүйнөлүк IT-компанияларынын өкүлдөрү катышкан Борбор Азия технологиялык форуму өтүүдө

  • 1 год мурун

Бүгүн, 24-мартта Бишкекте дүйнөлүк IT-компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Борбор Азия технологиялык форуму өтүп жатат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Кыргызстандын Экономикалык саясатты изилдөө институту жана Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.

Форумдун алкагында АКШдан, Казакстандан, Өзбекстандан, Түштүк Кореядан жана Германиядан келген эксперттеринин панелдик сессиялары жана презентациялары болот. Сессиялардын жүрүшүндө эл аралык тенденциялар жана IT-билим берүүнүн келечеги талкууланат.

Ошондой эле форумдан кийин Central Asian Tech Awards аттуу сынак уюштурулат. Сынактын жеңүүчүлөрүнө АКШнын Кремний өрөөнүнө жолдомо ыйгарылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты