Кар көчкү жүк ташуучу унаа четине түшкөн

Кар көчкү жүк ташуучу унаа четине түшкөнТранспорт жана авто жолдор министрлиги кабарлагандай, бүгүн, 13-ноябрда, саат 06:10 до Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку жолунун 75-76 чакырымында кар көчкү түштү.

Анын натыйжасында жол жабылып калды. Кар көчкүдөн жапа чеккендер жок.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  белгилегендей, көлөмү болжол менен 6000м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган.

Кар көчкү оор жүк ташуучу унаанын четине тийип бирок унааны басып калган эмес. Ошондой эле 15 унаа өтө албай туруп калган. Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. . Учурда ал жакта тиешелүү техника иштеп жаткандыгы кабарланды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты