Президент Жапаров Март элдик революциясынын 18 жылдыгына карата кайрылуу жасады

  • 1 год мурун

Бүгүн, 24-мартта Март элдик революциясына 18 жыл толду. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент кайрылуусунда Март элдик революциясы өлкөнүн соңку тарыхындагы орчундуу окуя экенин белгилеп, бул күнү кыргызстандыктар бийликтин жалгыз булагы эл экенин тарых алдында дагы бир ирет тастыктап бергенин айтты. Ошондой эле өлкөнүн өнүгүү тарыхында бурулуш катары кирген олуттуу окуялардан дайым сабак алуу кажет экенин билдирди.

«Геосаясий кырдаалдан улам дүйнө жүзүндө жаңы чакырыктар жаралып, экономикалык кыйын абал өкүм сүрүп турган чакта дагы да болсо ата-бабалар мурас кылган нарк-насилибизге, бир муштумга бириктирген биримдигибизге таянабыз. Өлкөнүн ынтымагын жана туруктуулугун камсыз кылуу менен экономикабызды телчиктирип, улуттук өнүгүү жолунда алгалай беребиз«, — деп айтылат Жапаровдун кайрылуусунда.

2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция “Жоогазын революциясы” деген ат менен белгилүү болуп, анда эл коррупциясыз, адилеттүү коом курууга түп көтөрүлүп чыгып, бийлик алмашкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты