Аткаминерлердин айлыгын көбөйтүүгө 334 млн 221,5 миң сом бөлүнгөн
- 6 лет мурун
- Баяндар
КР Финансы министрлиги ушул жылдын он айында республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бөлүнүп берилген каражаттар тууралуу маалымат таратты. Анын негизинде айта кетсек, мындай:
2018-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 3 млрд 613 млн 88,2 миң сом бөлүнүп берилди, анын ичинде:
— теңдөөчү каражат иш жүзүндө 1 млрд 578 млн 666,4 миң сом суммасында каржыланды;
— максаттуу каражат мш жүзүндө 2 млрд 34 млн 421,8 миң сом суммасында каржыланды, анын ичинен:
— жергиликтүү бюджеттердин түшпөй калган кирешелеринин ордун толтурууга жана финансылык айырмачылыктарын жабууга – 1 млрд 221 млн 129,8 миң сом;
Ош шаарынын мэриясынын «Ош жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоосуна байланышкан компенсациялык чыгымдарга – 179 млн сом;
— мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга – 334 млн 221,5 миң сом;
— Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» токтомуна ылайык электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн акы төлөө учурунда 50 % өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө – 139 млн 197,7 миң сом;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө республикалык бюджеттен 79 млн 285,2 миң сом;
— «Мыкты айыл өкмөтү» конкурсун ишке ашырууга 6 млн сом;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарынын генералдык пландарын иштеп чыгууга 50 млн сом бөлүнүп берилди.