Кыргыздар «Bаzaar Berlin-2018” көргөзмөсүндө

Кыргыздар «Bаzaar Berlin-2018” көргөзмөсүндөБул күндөрү Кыргызстандын өнөрпоздору Германияда, Берлин шаарында өтүп жаткан «Bаzaar Berlin-2018» ири эл аралык көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө катышууда.

Кыргызстандык чеберлердин стенддери көргөзмө комплексинин эки залында жайгашкан. Кыргызстандык кол өнөрчү Камала Абдыкадырованын, ошондой эле «Kyrgyz Artisans» сыяктуу өндүрүүчү жамааттар өздөрүнүн продукцияларын көргөзмөдө тартуулашты.

Көргөзмө 7-ноябрдан тартып 11-ноябрга чейин өтөт жана жогорку сапаттагы нукура материалдардан жасалган буюмдар (кийим, текстиль, териден жасалган буюмдар, аксессуарлар, эмерек, килемдер, керамика, айнек, фарфор, зергер, нукура косметика ж.б.) көрсөтүлгөн атайын иш-чара болуп эсептелет.

Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ТИМ бама сөз кызматыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты