Айтматовдун 90 жылдыгы: ТҮРКСОЙ эл аралык эл аспаптар концерти өтүүдө

 

Айтматовдун 90 жылдыгы:  ТҮРКСОЙ эл аралык эл аспаптар концерти өтүүдө12-21-ноябрда Япониянын Токио, Кавасаки, Йокогама жана Хамаматцу шаарларында ТҮРКСОЙдун Эл аралык элдик аспаптар оркестринин концерттери өтүүдө.

Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилигинин демилгеси жана Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Түркмөнстандын Япониядагы элчиликтеринин жардамы менен уюштурулган.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн белгилүү аткаруучуларынын катышуусу менен, түрк дүйнөсүнүн алдыӊкы обончуларынан түзүлгөн ТҮРКСОЙдун Эл аралык элдик аспаптар оркестринин концерттери 21-ноябрга чейин созулмакчы.

16-ноябрда залкар жазуучу Чыңгыз. Айтматовдун 90 жылдыгын майрамдоо алкагында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Россия Федерациясынан Башкортостан, Саха (Якутия), Тува, Хакасия, Молдавадан Гагаузия жана Монголиянын обончуларынын, аткаруучуларынын  жана бийчилеринин улуу жазуучага арналган концерти өтөт.

Аталган иш-чара менен катар музыка, бий семинарлары, жана Токио көркөм-өнөр университетинин окуучуларына концерт-лекция өткөрүлөт.Ал тажрыйба алмашууга жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты