Бишкекте суукта үй-жайы жоктор кайда баш калкаласа болот? (даректери)

Бишкекте суукта үй-жайы жоктор кайда баш калкаласа болот? (даректери)

Бул суук күндөрү Бишкекте үй-жай жок 160 киши убактылуу жайларга жайгаштырылды.

Бишкек шаарынын мэриясы үй-жайы жокторду, убактылуу болсо да, жылуу жайга орноштурууда.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы шаардын кайсы жерлеринде убактылуу жайлар бар экендиги тууралуу маалымдап, алардын даректерин жарыя кылды.  Ал даректердин тизмеси төмөнкүдөй:

1.Биринчи май районунда: 

Дареги: Жибек жолу, 413 дарегинде “Коломто” муниципалдык үйү;

Бул жакта 70-100 киши убактылуу жашайт. Азыркы учурда 70 киши бар.

Коломтонун телефондору: : 30-48-55, директор – Айгүл Сманалиева.

 2. Леинн району боюнча:

Дареги: Трудовой көчөсү, 10. “Боорукерлик борбору”.

Азыр ал жакта 11 аял, жалпы 17 баласы менен жашап жатат.

Телефон номери: 64-48-71, директору — Уркуя Исманова, 0550 54 66 22.

3.  Андан тышкары Бишкектин эки районунда ноябрь айынан март айына чейин бир жолу ысык тамак жана жатак берилет.

Бул эки убактылуу жай 100 гө чейин үйү жокторлу кабыл алат.

4. Свердлов району боюнча:

Дареги: Фере көчөсү 34-а, т. 58-03-68, социалдык жардам боюнча башкы адис  Зеркинбек Мамаев, тел 360-335, 0556 564-656.

Ал жакта азыр 30 киши жашап жатат.

5. Октябрь району боюнча:

Дареги:  А. Токомбаев көчөсү, 12 кичи район, Көрктөндүрүү комбинатынын имаратында,  т. 42-64-47.

Социалдык кызматтар боюнча адис: Сталбек Эсенкулов, тел: 570-392, 0708 880-218.

Учурда ал жакта 32 киши убактылуу жашап жатат. .

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты