“Бир дүйнө-Кыргызстан” Жогорку сотто жеңди

“Бир дүйнө-Кыргызстан” Жогорку сотто жеңди“Бир дүйнө-Кыргызстан” коомдук уюму Башкы прокуратуранын доосун жокко чыгартууга жетишти.

Жогорку сот  “Бир дүйнө — Кыргызстан”  уюмунун  отчетторун «экстремисттик» деп тапкан Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Жогорку соттун чечимине ылайык,  Октябрь райондук соту ишти кайрадан карай турган болду.

2017-жылдын 5-январында Октябрь райондук соту “Бир дүйнө — Кыргызстан” уюмунун эмгек мигранттары боюнча жана  2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялары боюнча отчетторун экстремисттик деп тапкан. Бирок 2018-жылдын май айына чейин андай чечим коомдук уюмга белгисиз болуп келген. Уюм өкүлдөрү Юстиция министрлигинен бул тууралуу кокусунан билип калып, сотко арызданышкан. Бирок Бишкек шаардык соту иштин мөөнөтү өтуп кеткендигине байланыштуу арызды кабыл алган эмес.

Аталган коомдук уюм Жогорку сотко кайрылган жана мурунку чечимди жокко чыгарууга жетишкен. Эми Октябрь райондук соту мурда чыгарган чечимин кайра карамакчы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты