Досун мыкаачылык менен өлтүрүп, 14 жылга соттолду

Бишкектик тургун досун сабап өлтүрүп, 14 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Досун мыкаачылык менен өлтүрүп, 14 жылга соттолду

Соттун чечими боюнча (аттары өзгөртүлдү) Иван досу Афайди катуу сабап өлтүргөн. Соттук экспертизанын жыйынтыгы боюнча, жабырлануучунун мээси чайкалып, башынын жумшак ткандарына кан куюлган, мээси жабыркаган жана кабыргалары сынган.

Айыпталуучу күнөөнү мойнуна алган жок

Сот учурунда Иван күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын айтымында, Афай менен ооруканада таанышкан.  Афай токмоктолуп, оор абалда жаткан. Бирок, аны ким сабаганын билген эмес.

“Анын денесинин баары көк-мөк болчу. Башы, мурду, ийини жана бети катуу сабалган эле. Мен ага атайын май дары алып бердим. Ошону сүйкөнүп жаткан. Бизди бир күндө ооруканадан чыгарышты. Анан “Анонимдүү алкоголиктердин” клубуна барып жазылып коюп, Афайдин үйүнө бардык. Чогуу отуруп чай ичтик. Афай вулканизацияда иштечү. Үч күн алсыз болуп жатты. Башы айлангандыгына караганда, көп кан жоготсо керек,”- деп айтып берген Иван.

Өзгөргөн көрсөтмө

Шектелип жаткан Ивандын айтымында, жабырлауунучунун жумушунда жетекчиси менен пикир келишпей, арак ичүүнү чечкен. Достор чогуу Афайдин үйүндө ичишкен. Бирок, Ивандын айтымында,  досу уктап калгандан кийин кеткен.

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу башка көрсөтмө берген. Пикирлри келипей, мас абалында Афайди  ур-токмокко алганын айткан.

Сот отурумунда жабырлануучунун расмий өкүлү Анфиса Афайди акыркы жолу аны ооруканадан чыгарып жумушка жеткирип койгондо көргөнүн айткан.

Канга булганган үй

Анфисанын айтымында, ал күнү Афайдин жарандык жубайы байланышып, ага бир нерсе болгонун айткан. Үйүнө жетип барганда, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыктан кирүүгө уруксат беришкен эмес.

Анфиса үйгө киргенде, дээрлик баары кан болуп жатканын көргөн. “Бардык жер кан болчу, ал тургай дубал дагы”-деп айткан ал.

Жыйынтыгында сот Иванды күнөөлүү деп таап, күчөтүлгөн режимдеги колонияга 14 жылга эркинен ажыраткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты