Жаштар конгрессинде Президент кандай убада берди?

Жаштар конгрессинде Президент кандай убада берди?

Жаш, келечеги кең кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу уланаарын Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, Бишкек шаарында  республика жаштарынын  конгрессинин ачылышында айтты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында бир катар жаштар, алсак, Элзар Тилебалды уулу,  Тилек Токтогазиев, Назгүл Акылбек кызы, Эрмек Адылбеков жана Наргиза Эркебекова өлкөнү өнүктүрүү боюнча долбоорлору тууралуу айтып беришти.

Улуттук кадрлардын резервин түзүүнүн алгачкы этабы аяктагандыгын Президент эске салды. Конкурска катышкан 715 адамдын ичинен 35 адам кадрлар резервине өттү. Алардын ичинен экөө — Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы жана Бишкек шаарын Өнүктүрүү агенттигинин директору болуп жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындалган.

Мамлекет башчы «Башкаруучулардын улуттук корпусу» долбоору менен Мамлекеттик кадр кызматы кызматташуусу керектигин баса белгиледи.

Тартууланган долбоорлор жөнүндө сөз кылып жатып, Сооронбай Жээнбеков жаштардын демилгелери менен канааттанганын билдирип, мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган ушул жана башка долбоорлорду, өлкөнүн жаштар тарабынан көтөрүлгөн идеяларды, колдоого мамлекет даяр экендигин белгиледи.

«Ош шаар тургундарынын онлайн кайрылуу картасы» долбоору туурасында кеп кылып келип, Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө өлкөдө  ишке ашырылып жаткан «Түндүк» долбоору жөнүндө эске салды.

Ал долбоордун алкагында министрликтердин жана ведомстволордун мамлекеттик кызматтары бир электрондук системага бириктирилип жана бири-бири менен тыгыз кызматташтыкта болоорун белгиледи.

Ошондой эле ал мамлекет ишкердиктин бардык түрлөрүн, анын ичинде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бизнес демилгелерин колдоону максат кылган социалдык ишкердикти колдой турганын, жаңы ишканаларды ачууга, айрыкча региондордо ачууга көмөк көрсөтөөрүн белгиледи.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты