2019-жылы ИДП өсүшү 4 % болжолдонууда

2019-жылы ИДП өсүшү 4 % болжолдонууда

2019-жылы Ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү   4 % деңгээлде болжолдонууда. Бул тууралуу Премьер-министр Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комиетинин жыйынында билдирди.

Болжолдонуп жаткан ИДП өсүшү экономиканын тейлөө, курулуш, айыл чарба жана өнөр жай сыяктуу тармактарынын салымы аркылуу камсыздалмакчы.

Жаңыртылган 2018-жылдын бюджетинин негизинде ИДПнын көлөмү 558,4 млрд сомду түзүп, өсүш 2,8% менен бекитилип жатат.

2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 142 млрд сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат, бул бекитилген бюджеттен 1,1 млрд сомго көптүк кылат.

Администрациялоону жакшыртуунун эсебинен: салыктык кирешелерди 2,7 млрд сомго көбөйтүү болжолдонууда. Буга катар Өкмөттүн иши аймактарды өнүктүрүүгө жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого багытталат  деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өткөн жылы бюджетке кирбей калган бир катар социалдык жактан маанилүү жана актуалдуу иш-чараларды кошумча каржылоо зарылдыгы турат.

«Бюджетти баланстоо максатында мамлекеттик органдардын чыгашалары: алсак, товарларды сатып алуу, күнүмдүк чыгымдарды 4 млрд сомго оптималдаштырды. МИП (мамлекеттик инвестиция программалары) чыгашалары – тышкы кредиттердин жана гранттардын эсебинен 14,9 млрд сомго кыскарды. Ошентип, 2018-жылы республикалык бюджеттин чыгымдары 157,2 млрд сомду түздү, же 3,9 млрд сомго кыскарды», – деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалагандай, республика боюнча мектептерди интернет менен толук камсыз кылуу үчүн кошумча 150 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле ветеринардык лабораторияларды, КР мамлекеттик чек арасында ветеринардык көзөмөл пункттарды жабдууга 150 млн сом каралды. Фитосанитардык лабораторияларды куруу жана жаңылоо үчүн 62 млн сом акча каражат бөлүндү (Баткен, Жалал-Абад шаарларына).

«Бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруу боюнча кабыл алынган чечимдер 2018-жылдагы бюджеттин тартыштыгын ИДПга карата 2,7%га азайтууга мүмкүндүк берди. Акчалай чегерилишин алсак: таңсыктык  20,3 млрд сомдон 15,2 млрд сомго чейин азаят», – деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.    

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты