Кыргызстан Францияга жашыл долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады

  • 1 год мурун

Кыргызстан Францияга жашыл долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, Париж шаарында Кыргызстандын тышкы карызды жашыл демилгелерге алмашуу сунушун талкуулоо үчүн КР финансы министринин басары Руслан Татиков менен Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Париж клубунун башкы катчысы Филипп Гайон Дюперат жана Франциянын Экономика-финансы департаментинин директору Винсент Принго менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Руслан Татиков Кыргызстан бардык эки тараптуу кредиторлор менен курчап турган чөйрөнү коргоо, экология тармагындагы долбоорлорго, ошондой эле социалдык жактан маанилүү тармактарга карызды алмашуу сунушу менен иштеп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, Париж клубуна дүйнөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга биргелешкен салым кошо турган Кыргызстанда Трасттык фонд түзүү аркылуу жашыл долбоорлорду ишке ашырууга катышуу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында француз тарап менен Кыргызстандын артыкчылыктуу долбоорлору үчүн жана техникалык-экономикалык негиздемени жана бизнес-пландарды даярдоого 60 млн еврого чейин кредиттик линияны ачуу, ошондой эле 500 миң еврого чейин гранттык каражат бөлүү боюнча макулдашылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты