“Кыргызнефтегаздын” мурдагы жетекчилиги коррупцияга шектелип кармалды

  • 1 год мурун

Өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелип “Кыргызнефтегаз” ишканасынын мурдагы жетекчилери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат билдиргендей, 2017-2020-жылдары “Кыргызнефтегаз” башкармалыгын Б.Р.А. жетектеп турганда күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн келишимдерди түзүү максатында жалданма фирмалардын тармагы уюштурулганы аныкталган.

«Ошол эле учурда базар баасы менен сатуунун ортосундагы айырма 1 литр мунай продуктылары үчүн 5 сомду түзүп, ал айырмачылык “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жетекчилиги, ошондой эле бийликтин жогорку баскычтарындагы алардын колдоочулары тарабынан өздөштүрүлгөн. Бул иш-аракеттер аткарылгандан кийин аталган фирмалар жоюлуп, төлөнбөй калган салыктар 400 млн сомдон ашкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты боюна Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш иши козголуп, “Кыргызнефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилигине карата тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө «Кыргызнефтегаз» ААКнын мурдагы жетекчилиги тарабынан 300 млн сомдон ашык суммадагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу фактылары аныкталган.

«Кыргызнефтегаз» ишканасынын мурдагы жетекчилиги менен биргеликте бул коррупциялык схеманы уюштурууга көмөктөшкөн 4 адам кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камалды.

УКМК ишкананы Б.Р.А. жетектеп турган 4 жыл ичинде компаниянын кирешеси 2 млрд 977 млн сомду түзгөнүн, жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда (2021-2022-жылдары) ишкананын таза кирешеси 5 млрд 800 млн сомдон ашканын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты