Бишкекте IT-форумунун алкагында сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөргө Кремний өрөөнүнө жолдомо берилет

  • 1 год мурун

24-мартта Бишкек шаарында дүйнөлүк IT-компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Борбор Азия технологиялык форуму өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Экономикалык саясатты изилдөө институту жана Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.

Форумга президенттин администрациясынын өкүлдөрү, “Amazon” электрондук соода платформасынын аймактык IT-директору, Вашингтон университетинин IT-билим берүү боюнча эксперттери, “JETRO” тышкы сооданы өнүктүрүү уюму башында турган Жапониядан келген делегациянын катышуусу күтүлүүдө.

Форумдун алкагында АКШдан, Казакстандан, Өзбекстандан, Түштүк Кореядан жана Германиядан келген эксперттеринин панелдик сессиялары жана презентациялары болот. Сессиялардын жүрүшүндө эл аралык тенденциялар жана IT-билим берүүнүн келечеги талкууланат.

Ошонлой эле форумдан кийин Central Asian Tech Awards аттуу сынак уюштурулат. Сынактын жеңүүчүлөрүнө АКШнын Кремний өрөөнүнө жолдомо ыйгарылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты