“Элдин күчү – сел”. Президенттин Аксы окуясын эскерүү күнүнө карата кайрылуусу

  • 1 год мурун
“Элдин күчү – сел”. Президенттин Аксы окуясын эскерүү күнүнө карата кайрылуусу

Бүгүн, 17-мартта Аксы окуясына 21 жыл толду. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Президент кайрылуусунда Аксы окуясы Кыргызстандын соңку тарыхында мамлекеттин келечегине таасирин тийгизген алгачкы саясий окуя, өлкөнү башкаруу кризиске кептелип баратканын эскерткен коңгуроо болгонун эскерди. Бул окуя экономикада, саясатта, идеологияда жалпы элдин көз карашын өзгөрткөнүн айтты.

«Аксы окуясы ошол учурдагы эки тараптын жүзүн ачкан: бийликтегилер өлкөнү башкаруудагы манипуляциялык иш-аракеттерди жасаса, оппозиция элдин, коомчулуктун күчүн өз кызыкчылыгына колдонуу тактикасына өткөн. Ошентип Аксы окуясынан кийинки Кыргызстандын 20 жылы саясий окуяларга бай болуп, элди, саясий элитаны бышырды. Баарыбыз тарыхтан сабак алдык», — деп билдирди мамлекет башчысы кайрылуусунда.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты