Болот Шамшиевдин машинасын уурдап кетип, өрттөп салышкан

Бишкек шаарында белгисиз адамдар айтылуу кинорежиссер, СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин автоунаасын уурдап кетип, өрттөп салышкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бишкармалыгынан билдиришти.

Болот Шамшиевдин машинасын уурдап кетип, өрттөп салышкан

Бул боюнча Болот Шамшиев 10-ноябрда милицияга кайрылган.

“Автоунаа Свердлов районунда уурдалган.  Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Автоунаа же башка транспорт каражатын мыйзамсыз алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Өрттөлгөн автоунаа Чүй облусунун Милянфан айылынан табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.”- деп башкармалыктан билдиришти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты