Тигүү цехин ачкыңыз келеби? «LEDA» брендинин түптөөчүсү сыр бөлүшөт

Өлкөбүздө тигүү тармагын алдыга жылдырып жеке ишкердик менен алектенгендердин саны өсүүдө. Айрым стартаптардын жашоосу бир нече айды гана камтыса, баштаган иши ийгиликтүү болуп, бизнесин  өнүгүүнүн даңгыр жолуна салып алгандар да бир топ. Биз бул жолу тигүү тармагы менен бутка турган үйбүлө менен тааныштырып тигүү цех ачуунун сырлары менен бөлүшөбүз.

Тигүү цехин ачкыңыз келеби? "LEDA" брендинин түптөөчүсү сыр бөлүшөт

Сүрөттө: «LEDA» брендинин негиздөөчүсү Ильзара Комбарова иш үстүндө

Жаш жубайлар Рустам Касымов менен Ильзара Комбарова дагы адегенде бул тармакка арсар көз караш менен келген.

“Ишибиз жүрүп кетеби, жокпу” деген күмөн саноолорго көз жумуп, тобокелдик менен бул иштин казанында кайнап отуруп бүгүнкү күндө Бишкектеги жаштар арасында белгилүү болгон “Leda” брендин түптөөгө жетишишти.

Бул бренд менен кийимдер Кыргызстанда гана эмес, коңшулаш Казакстанга дагы сатылууда.

Ильзара Комбарова ишти нөлдөн баштап кантип бутка тургузууга болору тууралуу сырлары менен бөлүштү.

— Жолдошум экөөбүз тең Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде окудук. Рустам экономикалык ал эми мен  курулуш, дизайн жана архитектура  факультетин аяктаганбыз.

Мен кичинемден бери эле дизайнер болууну самачумун. Бул кесипти тандаганым үчүн такыр өкүнгөн жокмун. Азыркы учурда өз брендибиздеги кийимдерди тигип, үй-бүлөлүк бизнести өнүктүрүү менен алекпиз.

— Тигүү тармагы менен качан алектенип баштадыңыздар жана бизнести жөнгө салууга канча убакыт талап кылынды?

 — Бул тууралуу ойлорубуз мурдатан эле бар болчу. Мен окуу жайды аяктаган соң, өзүбүз бренд түзүүнү чечтик. Бирок, бул жаатта кантип иш алып баруу керектиги тууралуу маалыматыбыз өтө эле аз болчу.

Ошондуктан, тигүү цехиндеги ишти баштан аяк, ийне-жибине чейин өздөштүрүү үчүн ушул тармактагы өндүрүшкө дизайнер-конструктор болуп ишке орноштум.

Ал жакта бир жыл иштеп, бардыгын өздөштүргөн соң өзүбүз чакан имаратты жана 5 тигүү машинасын ижарага алып, цех иштете баштадык. 3 жыл буюртмаларды гана алып иштедик.

Качан гана керектүү жабдыктарды өзүбүз сатып алып, кененирээк имаратка жайгашкан соң, өзүбүздүн брендибиздин алдында кийимдерди тиге баштадык.

Официалдуу түрдө үстүбүздөгү жылдын 1-мартында «LEDA» деген аталыш менен рынокко чыктык.

— Каржылык жактан да маселе жаралбай койбосо керек?

 —Албетте, башында имарат жана тигүү машиналарынын бардыгын ижарага алып иштегендиктен, алгачкы 1 жыл тапкан акчабыздын дээрлик бардыгы ижара акысын төлөөгө кетчү.

Кийинчерээк өзүбүздүн жабдыктарды сатып алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлө баштады.

Тигүү цехин ачкыңыз келеби? "LEDA" брендинин түптөөчүсү сыр бөлүшөт

LEDA брендинин кийимин белгилүү ырчы Толгонай Арзыкеева кийип турат

— Жеке бизнес ачкысы келгендердин көпчүлүгү эле алгач кайда барып, эмнеден баштоону билишпейт. Каражат жагы дагы бир топ көйгөй туудурат. Сиздер бул этаптардан кантип өттүңүздөр?

—Жеке ишкерлик баштоо үчүн планыбыз мурдатан эле пайда болгону менен эмнеден, кантип баштарыбызды билбей бир топ убакыт сарптадык. Анын үстүнө ири суммадагы акча каражаты керек эле.

Ошентип, «Кантип бизнес баштаса болот?» деген сыяктуу түрдүү тренингдерге катыша баштадык. Алардын бири «Концентрат» курсу болчу.

Дал ушул тренингден кийин көзүбүз ачылды десем жаңылышпайм. Ушул тренингдин негиздөөчүсү, «Эгерде бизнес баштоо үчүн акча каражатынар жок болсо, идеяңарды саткыла.

Башкача айтканда, инвестор тапкыла», — деп сунуш кылды. Мен буга караманча каршы болдум. Анткени, тапкан кирешебизди ал инвестор менен болүшүүгө туура келет эле.

Бирок, бизде башка арга жок болгондуктан, жолдошум инвестор таап, бүгүнкү күнгө чейин иштешип келе жатабыз.

Тигүү цехин ачкыңыз келеби? "LEDA" брендинин түптөөчүсү сыр бөлүшөт

Сүрөттө: LEDA брендинин негиздөөчүсү Ильзара Комбарова

— Кыйынчылыкка кептелгенде бардыгын таштап салууну каалаган учурлар болдубу?

 —Бардык эле иштин кыйынчылыгы болот эмеспи. Биз да көп кыйналдык. Бирок, өз ишибизди сүйүп, идеябызга абдан берилгендиктен, өжөрлүк менен кыйынчылыктарды жеңе алдык деп ойлойм.

— Өз брендиңиздерден сырткары да буюртма боюнча кийим тигесиздерби?

—Ооба, башка да буюртмаларды алып, тиге беребиз. Себеби, азырынча  цехти өзүбүздүн продукциядан түшкөн каражат менен гана камсыздай ала турчу деңгээлге жете элекпиз.

— Биздин коомдо өзүбүздө тигилген кийимдердин сапатына ишеним азырак. Сиздерде бул тууралуу кооптонуу болдубу?

—Туура айтасыз. Текстиль тармагында «Кыргыстанда жасалган» дегенди укканда эле сапаты начар кийимди элестетишет. Рынокко чыгар алдында жолдошума караганда мен көбүрөөк сарсанаа болдум.

Себеби, биздин кийимдерди да «самопошив» деп албай коюшабы деген кооптонуу пайда болду.

Бирок, биз, биринчиден, басымды кездеменин жана тигилген кийимдин сапатына, экинчиден, кийимдин дизайнына койгондугубуз үчүн өз кардарларыбызды табуу кыйынга турган жок.

— Учурда борбор калаабызда тигүү цехтеринин көп болгондугуна жараша тигүүчүлөрдүн саны да арбын. Сиздер тигүүчүлөрдү кандай критерийлерге карап жумушка аласыздар?

—Бизде иштеген конструктор, технолог, тигүүчүлөрдүн дээрлик бардыгы тиешелуу билими барлар. Бул тармакта билим албастан өз аракети, таланты менен мыкты иштегендер да бар.

Негизинен, кызматкерлердин жөндөмүнө карайбыз.

— Байкашыбызча, «LEDA» бренди жаш кыздарга арналган экен..

—Ооба, биздин кардарларыбыз орточо киреше булагына ээ болгон жаш, студент кыздар. Алар башкалардан өзгөчөлөнүп кийингилери келет.

Базарларга жана дүкөндөргө болсо кийимдердин бардыгы Турция, Кытай сыяктуу мамлекеттерден алынып келингендиктен бардык жерде бирдей типтеги, окшош кийимдерди кездештиребиз.

Ал эми биздин бренд жеткиликтүү баада экзклюзивдүү дизайндагы кийимдерди сунуш кылат.

Тигүү цехин ачкыңыз келеби? "LEDA" брендинин түптөөчүсү сыр бөлүшөт

LEDA брендинин кийимин белгилүү ырчы Юлия Руцкая кийип турат

—Кийимдердин дизайнын ким ойлоп табат жана кездемелерди кайдан аласыздар?

—Кездемелерди бул жактан да, чет жерден буюртма менен да сатып ала беребиз. Эң башкысы, кездеменин сапатына маани беребиз. Анын сапаты, курамы биз үчүн абдан маанилүү.

Ал эми дизайн тууралуу айтсам, бренд пайда болгон күндөн тарта бардыгын өзүм ойлоп таап келем.

Бирок, акыркы убактарда убактымдын тар боло баштагандыгында байланыштуу Кыргыз-Орус Славян университетинде дизайнерлик боюнча билим алган студенттерди жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү менен биздин цехте практика өтүүгө чакырдым.

Жаңы жылдан баштап практикага келип, жумушка орношуп кала алышат.

— Кийимдериниздер кайсы жакта сатылат?

—Учурда биздин кийимдер Кыргызстан жана Казакстанда сатылууда. Бишкектеги «CARAVAN» соода борборунун 3-кабатында дүкөнүбүз жайгашкан.

Инстаграм социалдык тармагында да  @leda_brand аттуу баракчабыз бар. Ал эми Казакстанда болсо Алматы шаарындагы эки жана Астана шаарындагы эки кийим дүкөнү менен келишимдик негизде иштешебиз.

— Кыска убакыттын ичинде Кыргызстандын эле эмес, Казакстандын да рыногуна чыгып, бренд катары популярдуулукка кантип жете алдыныздар?

—Биз кийимдердин сапатына өзгөчө көңүл бургандай эле, рекламага да көп каражат жумшайбыз.

Жолдошум иштин финансылык тарабын көзөмөлдөгөндөн сырткары SMM менен да өзү алектенет.

Реклама абдан чоң ролду ойнойт. Ошондой эле «сарафанное радио» өз таасирин тийгизди.

— Жеке ишкерлик кылууда аздыр-көптур тажрыйбалуу болуп калдыңыздар. Бизнес баштоону каалагандарга кандай кеңеш берер элениз?

—Атаандаштыктан коркпогула демекчимин. Баштаган ишинер коомчулукка жагарына ишенсеңер, алдыга гана умтулуу керек.

Тигүү цехин ачуу үчүн эмнелер керек? ( ИНФОГРАФИКА)

Тигүү цехин ачкыңыз келеби? "LEDA" брендинин түптөөчүсү сыр бөлүшөт

Тигүү цехин ачкыңыз келеби? "LEDA" брендинин түптөөчүсү сыр бөлүшөт

Тигүү цехин ачкыңыз келеби? "LEDA" брендинин түптөөчүсү сыр бөлүшөт

Тигүү цехин ачкыңыз келеби? "LEDA" брендинин түптөөчүсү сыр бөлүшөт

Тигүү цехин ачкыңыз келеби? "LEDA" брендинин түптөөчүсү сыр бөлүшөт

Тигүү цехин ачкыңыз келеби? "LEDA" брендинин түптөөчүсү сыр бөлүшөт

Тигүү бизнесин өнүктүрүү

Жарнамага акчаны аябаңыз. Баракчаларды чыгарып, өтө чоң эмес дүкөндөрдүн ээлери менен жарнаманы жайгаштыруу сүйлөшүп көрүңуз. Атаандаштардын ишмердүүлүгү менен таанышып, аларда жетишпеген кемчиликтерди аныктап чыгыңыз. Кардарлардын базасын жүргүзүңүз.

Эгерде кийим-кече тиксеңиз, стандарттуу эмес фигурадагы кардарларга дагы көнүл буруңуз. Эгерде купулуна толгон кийим тигип бере алсаңыз, алар сиздин туруктуу кардарыңыз болот.

Автор: ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты