Сотто бакчадагы бөбөктөргө берилген сүт азыктары маселеси каралат

Сотто бакчадагы бөбөктөргө берилген сүт азыктары маселеси каралатБишкектин Биринчи май райондук соту шаардагы бала бакчаларда берилген сүт азыктары боюнча ишти кароого киришет. Бул тууралуу укук коргоочу, бул иште негизги күбө катары суралып жаткан Анара Дауталиева “Азаттык” радиосуна билдирди.

Бала бакчаларда стандартка туура келбеген, балдардын ден соолугуна зыян сүт азыктары берилип жатканы боюнча арыз сотко 2016-жылы берилген. Дауталиеванын белгилешинче, И.И. аттуу жеке ишкер “Дамдуу сүт”, “Ак белек” фирмалары аркылуу бала бакчаларга май алып келүү боюнча тендерге катышып, утуп алган. Бирок аталган фирмалар ташыган азыктар лабораториядан текшерүүдөн өтүп, стандартка туура келбегени аныкталган.

Булак: Азаттык

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты