Эсеп палатасы «Кыргызнефтегазда» 3,7 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди

  • 1 год мурун

Эсеп палатасы «Кыргызнефтегаз» ишканасынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, 3 млн 736,6 миң сом өлчөмүндө каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди.

Анын ичинде чегерүүлөргө жатпай турган чыгашаларды негизсиз чегерүүдөн улам акционерлердин дивиденддерин 3 млн 618,8 миң сом өлчөмүндө төмөндөтүп коюу аныкталган. Ошондой эле канализациялык линияны реконструкциялоодо келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн подрядчыга 117,8 миң сом айып өндүрүлүп, текшерүүнүн жүрүшүндө калыбына келтирилген.

Эсеп палатасынын Кеңеши аудиттин жыйынтыгы боюнча дивиденддердин аз эсептелген суммасын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө буйрук чыгарды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты