Бишкекте кинорежиссер жана сценарист Марат Сарулуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

  • 1 год мурун

Бүгүн, 11-мартта Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссер жана сценарист Марат Сарулуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маркум менен коштошуу зыйнатына маданият министри Алтынбек Макутов баштаган чыгармачыл интелегенциянын өкүлдөрү, кесиптештери жана жалпы коомчулук катышты.

Маркумдун сөөгү Ала Арча көрүстөнүнө жерге берилди.

Марат Сарулу 1957- жылы 26-сентябрда Талас облусунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1984- жылы Москвада режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган. Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер бирликтеринин мүчөсү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты