Укук коргоо документалдык фильмдер фестивалы ачылды

Укук коргоо документалдык фильмдер фестивалы ачылды

Бүгүн, 12-ноябрда, Бишкекте укук коргоо жаатындагы документалдуу фильмдер фестивалы ачылды. Документалдуу фильмдер «Манас», «Россия», «Октябрь» жана «Ала-Тоо» кинотеатрларында көрсөтүлөт. Көрүүчүлөр үчүн эшик ачык.

“Адам нарктуулугу үчүн!» темасындагы ХII эл аралык укук коргоочу документалдык фильмдер-2018 фестивалы БУУнун адам укуктары боюнча Жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналды. Ал «Бүгүн эртеңки күн үчүн иштейбиз!” деген ураан алдында өтөт.

Конкурска Кыргызстан, Норвегия, Швеция, Кытай, Чехия, Швейцария, Россия, Германия, Польша, Бельгия, АКШ, Австралия, Индия, Улуу Британия, Канада, Украина, Парагвай, бардыгы 18 мамлекеттен 55 фильм келген.Комиссия алардын ичинен эң мыкты жана күчтүү тасмаларды тандаган.

Бул жылдагы документалдык фильмдердин сценарийи балдардын, аялдардын жана аялуу топтордун, жабык мекемелердеги кыйноолорго, мигранттарга, дискриминациядан запкы тарткан жана соттук адилеттүүлүккө жеткенге мүмкүнчүлүгү жок адамдарга арналган. Ошондой эле кинотасмалар экологиялык жактан кооптуу аймактарда жашаган жана оор менен жакырчылыктан жабыр барткан адамдар айтат. Темалардын палитрасы өтө түрдүү, бирок аларды бир нерсе бириктирет – ар бир адамдын татыктуу жашоосуна жалпы адамзаттык камкордук.

Фестивалдын идеясын бул жылы Бишкек шаарынын мэриясы, борбордун акимиаттары колдоду жана документалдык тасмалар шаардын ар бир районунун кинотеатрларында: «Манас», «Россия», «Октябрь» жана «Ала-Тоо» кинотеатрларында көрсөтүлөт. Көрүүчүлөр үчүн эшик ачык.

Ар бир тасмадан кийин документалисттер менен жолугушуу өтөт жана көрүүчүлөр алар менен баарлаша жана өзүнүн кызыккан суроолоруна жооп ала алышат.

Талкууга аудитория менен кошулуп тасманын каармандары, бийлик өкүлдөрү, эксперттер жана журналисттер катышат. Фильмдерди талкуулноонун жыйынтыгы боюнча бардык сунуштамалар жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдарына, адам укугу боюнча улуттук укук коргоо институттарына жөнөтүлөт жана тилектештик тармактары боюнча жайылтылат.

«Биздин фестиваль бир нече жылдан бери – долбоор эмес, тилектештердин, активисттердин, искусство адамдарынын жана укук коргоочулардын биргелешкен волонтёрдук иши экендигине сыймыктанабыз», — дейт «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоочу кыймылынын директору Төлөйкан Исмаилова.

– Бүгүн биз жаңы мамилени, инновациялык жолдорду издеп жатып, укук коргоочу күн тартиби жана гендердик теңчилик менен Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясына натыйжалуу салым кошконго умтулуп жатабыз» деди кыймылдын жетекчиси.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты