Бир жумада 16 миңден ашык жол эрежеси бузулган

 

Бир жумада 16 миңден ашык жол эрежеси бузулганӨлкө боюнча 2-8-ноябрда  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан  16 миң 179 жол коопсуздук эрежесинин бузулушу катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай жол коопсуздук эрежесинин бузулушу аныкталган:

— 336 айдоочу жол чырактын тыюу белгисинен өтүп кеткен;

— 215 айдоочу мас абалында унаа башкарган;

— 1777 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарган;

— 2528 киши жол белгилеринин талаптарын аткарган эмес;

— 1234 айдоочу иштебеген жарык берүүчү шаймандары менен транспорт каражатын башкарган;

— 1539 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратышкан;

— 3976 киши коопсуздук курун тагынган эмес;

— 58 айдоочу терезелери караңгылатылган унаа башкарган;

— 2751 унаа башкарып бара жатып телефондо сүйлөшкөнү аныкталган.

Бир жума ичинде 904 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты