Шашылыш билдирүү: Аба-ырайы туруксуз болот

Шашылыш билдирүү: Аба-ырайы туруксуз болот12-ноябрдан 13-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-13-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт.

12-13-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 метрден, 12-13-ноябрда Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

13-14-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -0…-5° сууктун тегерегинде;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -3° сууктан +2° жылуулукка чейин;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты