Көзү тирүү турса да Алиясбек Алымкуловго айкел тургузушту

Көзү тирүү турса да Алиясбек Алымкуловго айкел тургузуштуТаластын Бакай-Ата районунда аттуу-баштуу 20 кишиге тургузулган айкелдин ачылыш аземи болгонун «Азаттык» жазып чыкты.

Алардын арасында Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров, мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов жана авиация тармагында эмгек сиңирген Кубанычбек Козубеков сыяктуу көзү тирүүлөр да бар.

Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, айкелдердин ачылышына жалпысынан 3 млн. сомго жакын каражат кеткен. Акчаны айкели жасалган адамдар, алардын жакындары жана демөөрчүлөр берген.

Иш-чарага облустагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев, Таластын мурдагы губернатору Даир Кенекеев катышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты