Илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлык кимдерге ыйгарылды?

Илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлык кимдерге ыйгарылды?Бүгүн, 10-ноябрда,  илимий кызматкерлердин кесиптик күнүндө Президент Жээнбеков окумуштууларды куттуктады жана2018-жылы  илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыкт ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы жарыя кылды.

Илим жана  техника жаатында мамлееттик сыйлыкка татыктуу болгондор:

  1. Жумагулов Олжобай — И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын офтальмология кафедрасынын башчысы,  медицина илимдеринин доктору;
  2. Ботбаев Алмазбек — “Дордой офтальмик-сервис“ көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;
  3. Дикамбаева Марта —Дордой офтальмик-сервис“ көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;
  4. Усенко Валентина— Дордой офтальмик-сервис» көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;
  5. Эшмамбетов Асизбекке—Дордой офтальмик-сервис« көз микрохирургиясы Х

 Касым Тыныстанов атындагы сыйлык „Скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо“ иши үчүн:

  1. Жумабеков Сабырбек — Улуттук илимдер академиясынын академиги, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору, медицина илимдеринин доктору;
  2. Анаркулов Бектур —        Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун № 1 травматология бөлүм башчысы, медицина илимдеринин доктору;

„Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык өнүгүүсүнүн актуалдуу проблемалары“ иши үчүн:

  1. Абдырахманов Толобек—И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору;
  2. Артыкбаев Мэлс—Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин философия, маданият теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору, саясий илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору;
  3. Курбанова Назира—       И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э. Ж. Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору;
  4. Маанаев Эгенберды —        И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты