Жер мунапысы тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунун 27-пункту алынып салынды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 27-пункту алынып салынды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Президент Ак-Ордо конушуна күтүүсүз барып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөндө бул токтомдун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон. Президент бул маселени тез арада чечип, башка аймактарда дагы жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды. Ошону менен бирге бардык жергиликтүү бийлик башчыларына мындан ары жарандардын жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууларына жол бербөө тапшырмасы берилди», — деп жазды Султанбаев.

Ошондой эле ал жер мунапысына байланыштуу жетиштүү иш алып барбаганы үчүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаев менен Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алуу чечими чыкканын кабарлады.

Эскерте кетсек, Ак-Ордо-3 конушунда үйү түрттүрүлгөн Марал Шарботоева балдары менен көчөдө калган видео интернет желесинде тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге боз үй тигип беришкен.

Садыр Жапаров 5-мартта Бишкектин четиндеги Ак-Ордого барып, үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин абалын көргөн. Жергиликтүү эл менен жолугушууда “Жер мунапысы” боюнча жободогу 27-берене кызыл китеп берүү ишин аксатып атканы айтылган. Анда жер анын ээсинин макулдугу менен гана трансформация болору жазылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты