Ак-Ордодогу үй түрттүрүлгөн окуяга байланыштуу айылдык кеңештин депутаты кармалды

  • 1 год мурун

Сокулук районунун Ак-Ордо-3 конушунда үй түрттүрүлгөн окуяга байланыштуу Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын билдирүүсүндө 3-мартта Ак-Ордодогу үй түрттүрүү окуясына байланыштуу жергиликтүү жашоочулар чогулган учурда Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты К.Т. чыр чыгарганы айтылат.

«Бул чогулушка Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты, буга чейин Ак-Ордо конушунун “Е, Ж” кварталдарынын башчысы болуп иштеген 1985-жылы туулган К.Т. аттуу жаран келип, коомдук тартипти одоно бузуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн. Натыйжада чогулган эл эки жаатка бөлүнүп, жаңжал чыккан жана Сокулуктун милициясы жапырт мушташтын алдын алган. Бул окуяга байланыштуу К.Т соттун чечими менен беш суткага камалды», -деп жазылган маалыматта.

Эскерте кетсек, Ак-Ордо-3 конушунда үйү түрттүрүлгөн Марал Шарботоева балдары менен көчөдө калган видео интернет желесинде тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге боз үй тигип беришкен.

5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин абалын көргөн. Дүйшөмбүдө Жапаров жер мунапысы боюнча кеңешме өткөрүп, «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамды жетиштүү аткарбаганы үчүн Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алуу тапшырмасын берген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты