Супермаркетте кан тамырын кескен

Супермаркетте кан тамырын кескенБишкекте, супермаркеттердин биринде эркек киши өзүнүн кан тамырын кесип жиберген. 

Маалыматка ылайык, ал 1993-жылы төрөлгөн Ысык-Көл облусунун тургуну, мас абалында болгон.

Аталган окуя бүгүн, 9-ноябарда, саат 08:00 чамасында болгон. Жаранга алгачкы жардамды супермаркеттин кызматкерлери көрсөтүп, “Тез жардам” жана милицияны  чакырышкан.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматы бул маалыматты тастыктады

Жаш жигитти андай кадамга түрткөн себептер азырынча белгисиз.

Иллюстрациялык сүрөт.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты