Токтайым Үмөталиева: “Кен иштетүү боюнча кескин чаралар керек”

Токтайым Үмөталиева: “Кен иштетүү боюнча кескин чаралар керек”

 

Токтайым Үмөталиева бүгүн, 9-ноябрда, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Чаткал райондорунун көптөгөн тургундарынын кайрылуусунан кийин, ал жактарга барып келгенин айтып, бийлик бутактарына Кайрылуу жолдоп, айрым кен иштетүүчү компаниянын ишин токтото туруп, жеринде текшерүүнү талап кылды.

Өнөр жай, энергетика  жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитети «Чаткал 17», «Консолидат Авруум», «КG» жана башка кен иштетүүчү компанияларга лицензия берип, бирок аларды көзөмөлдөбөй, анын натыйжасында Жалал-Абад жана Талас облустарынын чек ара суусунун жээктеринде жашаган элге зыяны тийип жатканын белгиледи.

Чакан Чаткал району боюнча эле кен иштетүүгө 100 дөн ашык лицензия берилгени айтылды. Алардын баары корук жана токой жерлери аркылуу өтүп, ал жер үч мамлекеттин—Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан калкын суу менен камсыздайт

Ала-Бука-Чаткал жол боюнда иштеп жаткан “Чаткал 17” Компаниясы, жол боюнда, айрыкча, Терек-Сайда дээрлик Таш-Көмүргө чейин жолду буруп, суунун багытын өзгөртуп жатышат.

Чандалаш суусунун жээгинде иштеген «Консолидат Авруум» компаниясы дарак жана бадалдарды жок кылып, аларды 30 гектардан ашык келген токой суусунун боюна көөмп салганы белгиленди.  Алар Кызыл китепке кирген долоно, жапайы алча, жапайы алма, алмурут жана чычырканакты жоготуп жатышат.

Ошондой эле уулуу заттар ичүүгө сууга, Кара-Буура-Талас сууларына, Киров суу сактагычына, андан ары Сырдарыяга агып кетүүдө. Ала-Бука, Чаткал, Кара-Буура суу сактагычтарында балыктар өлүшүнө алып келүүдө.

«КG»  компаниясы  Орто-Токой суу сактагычынын күзөт аймагын, теңдешсиз биосферасын бузуп жатат. Орто-Токойдо амальгама-цианид коркунучтуу көлмөлөрү пайда болгон. Эч жакта коопсуздук чаралары көрүлгөн эмес.

Жолдо жогорудагы компаниялардын жана Бозумчак, Фулл мобил, жна Иштамберди компанияларынын жүк ташуучу машиналары күндүр-түндүр агылып, элдин үйлөрүнөн жарака кетип жана бузулуп жатат. Ала-Бука-Таш-Көмур, Шамалды-Сай стратегиялык жолун ким бузуп жатат?

Жогоруда аталган компанияларга лицензия берүүнүн мыйзамдуулугун текшерип, Жалал-Абадда иштеген кен иштетүүчү компаниялардын ишин убактылуу токтотуп туруу керек дейт Токтайым Үмөталиева бийлик бутактарына Кайрылуусунда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты