Петербургда курулушта 21 жашар кыргызстандык каза тапты

Петербургда курулушта 21 жашар кыргызстандык каза тапты

Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, курулуштун 11-кабатынан кулап кеткен 21 жаштагы кыргызстандык каза болду.

Ал курулуштун 11-кабатында иштеп жаткан. Кыргызстандык жигиттин сөөгүн 4-кабаттагы терраса тарабынан табышкан. Ал тең салмакты жоготуп алып, колго жасалган курулуш кабинасынан түшүп калгандыгы айтылууда.

Бул окуя боюнча Санкт-Петербург шаарынын полициясы тергөө ишин баштады.

Маалыматка караганда анын камсыздандыруусу болгон эмес.

Иллюстрациялык сүрөт

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты