Эң бай депутат ким?

Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлердин жана саясатчылардын декларациясын расмий сайтында жарыялап баштады. Анда эл өкүлдөрүнүн 2017-жылдагы киреше жана чыгашалары да көрсөтүлгөн.

Эң бай депутат ким?

Маалыматтка ылайык,  25 депутат 1 млм сомдон ашык киреше тапкан. Депутаттардын көпчүлүгү кирешесин көргөзгөнү менен чыгашаларын көргөзүшкөн эмес.

Эң бай 10 депутаттын сап башында экс-спикер Чыныбай Турсунбеков турат. Расмий түрдө эч кандай жеке иши жана баалуу кагаздары, акциялары жок. 2017-жылы ал 39,2 млн сом киреше тапкан. Мындан сырткары анын 3 квартирасы, 4 гаражы, “Мерседес” үлгүсүндөгү машинасы жана айыл чарба багытындагы жери бар.

Декларацияда көрсөткөн жакын туугандарынын дагы жеке бизнеси жок. Алардын атына 4 үй, 3 квартира жана айыл чарба багытындагы 2 жер жазылган.

Андан кийин орунда 15 млн сом киреше тапкан Тынчтынбек Шайназаров жана 14 млн сом тапкан Канатбек Исаев турушат.

Бай туугандар

Депутат Азамат Арапбаевдин жакын туугандары 2017-жылы 158,3 млн сом киреше тапкан, анын ичинен 10,5 млн чыгаша көрсөтүлгөн. Депутаттын өзүнө мүлк жазылган эмес, бирок жакын туугандарына 2 миң чарчы метр 6 квартира жазылган.

ЖК депутаты, финансы жан экономика министирлигинин экс-жетекчиси Акылбек Жапаровдун туугандарына оор жүк ташуучу 8 машина жана 5 контейнер жазылган. Алар 2017 жылы 55, 8 млн сом киреше табышкан. Акылбек Жапаров өзү 892 миң сомдон ашык киреше тапкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты