Тажикистанда түрмө козголоңунда 20 дан ашык киши каза болгон

Тажикстандын Согди облусунун күч органдарына шилтеме берип жазган РИА Новостинин маалыматтарына ылайык, козголоңдо камактагылардан алынгандар жана эки офицер, бардыгы 25 киши каза болгон.

Тажикистанда түрмө козголоңунда 20 дан ашык киши каза болгон Мурда айтылгандай, козголоңчулардын бири “Ислам мамлекети” тыюу салынган тобунун мүчөсү. Камактагы киши күзөтчүнүн куралын тартып алып, күзөтчүлөрду карай ок чыгарганы, калган камактагылар ага кошулуп, түрмөнүн бир корпусун басып алганы мурда маалым болгон.

Тажикистандын бийлиги бул боюнча расмий билдирүү жасай элек. Аталган өзгөчө кырдаалды иликтөө үчүн атайын иликтөөчү топ түзүлгөн.

Эсиңиздерге сала кетсек, Тажикистандын Ходжент шаарынын 16-микрорайонунда жайганкан түрмөдө 7- ноябрдан 8-ноябрга карган түнү козголоң чыгып, адегенде 13 кишинин каза болгондугу айтылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты