Баш прокурор Жамшитов эч нерсе чыгымдабайт. Жогорку сот Калиеванын эч кандай мүлкү жок

Мамлектик салык кызматы Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку сот төрайымы Гүлбара Калилованын 2017-жылдагы киреше жана чыгашасы тууралуу декларациясын расмий сайтына жарыялады.

Баш прокурор Жамшитов эч нерсе чыгымдабайт.  Жогорку сот Калиеванын эч кандай мүлкү жок

Маалыматка ылайык бул мезгил ичинде башпрокурор Өткүрбек Жамшитов 806 миңден көп киреше тапкан, бирок эч бирин короткон эмес.

Ошондой эле 600 чарчы метр жер тилкесине,  550 миң сомдук бодо малга жана 150 миң сомдук эмереке ээ. Жакын тууганына квартира, 120 миң сомдук бодо мал жазылган.

Жогорку сот төрайымы Гүлбара Калиеванын декларациясында 1,1 млн сом кирешеси жана жакын тууганынын 704 миң кирешеси эле киргизилген.

Эс кандай мүлкү жок. Отчеттук мезгилде Гүлбара Калиева Жогорку Сот төрайымы эмес болчу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты