Ала качуу үчүн беш жылга соттолду

Ысык-Көл облусунда жаран ала качуу үчүн 5 жылга соттолду. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтына соттун чечими жарыяланды.

(иллюстрациялык сүрөт)

Ала качуу үчүн беш жылга соттолду

Окуянын чоо-жайы

Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы тургун Чыныбай (каармандардын аты өзгөртүлдү)   Балыкчы шаарына келип, дагы беш досу менен 28 жаштагы Сайкалды ала качып кетишет. А учурда жабырлануучу уктап жаткандыктан, эшигин сындырып кирип , ич кийимчен эле ала качып кетишкен. Кийин аны Бишкеке алып кеткени белгилүү болгон.

Сот отурумунда Чыныбай күнөөсүн толук мойнуна алган. Анын айтымында, ала качууунун алдында достору менен эс алууга келген. Досторунун бири Айдин үйлөнүүнү кааларын билдиргенде, дагы бир досу Расул Балыкчыда жашаган Сайкал аттуу кызды таанырын айтканда, аны ала качууну чечишет.

Сайкалды Айдиндин үйүнө ала качып барып, анын туугандарына калтырышат. Сайкалдын ата-энеси милиция кызматкерлери менен кийинки күнү аны таап барып, алып кетишет.

Жабырлануучу сот отурумуна келген эмес, нотариустан бекитилген арызды берип жиберген. Документте ишти ансыз  кароону өтүнгөн. Ошондой эле Сайкал айыптоону колдоодон баш тарткан.

Кылмыш кодексинин 155- беренеси боюнча Чыныбай күнөөлүү деп тыбылып, беш жылга шарттуу эркинен ажыратылды. Жаза өтөөдө 2 жыл шарттуу жазасы сыноо катары бекитилди. Ал ички иштер кызматкерлерине жашаган жери боюнча каттап турушу керек жана алардын уруксаты жок жашаган жерин өзгөртүүгө укугу жок.

Ала качууга катышы бар калган жарандар кандай жаза алгандыгы белгисиз.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты