ЖККУ жыйынында Кыргызстан койгон 6 маселе

ЖККУ жыйынында Кыргызстан койгон 6 маселе

Президент Сооронбай Жээнбеков Астанада 8-ноябрда өткөн ЖККУ жыйынында алты маселе койду.  

Сооронбай Жээнбеков эл аралык саясаттагы арсардыктын өсүшү, дүйнөдө, өзгөчө Жакынкы Чыгышта жана Ооганстанда  чыңалуу зоналарынын сакталышы регионалдык коопсуздукка терс таасирин тийгизип жатканын билдирип, алты маселени койду.

  1. Башка эл аралык жана регионалдык уюмдар, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенишүүнү өркүндөтүү аркылуу ЖККУну дараметин арттырууну улантуу;
  2. ЖККУнун кризистерге жооп берүүчү Борборун укуктук жактан тариздөөнү аяктоо жана аны күн сайын иштөөгө өткөрүү;

Анын ЖККУга мүчө мамлекеттердин кризистик борборлору менен өз ара аракеттенишүү механизмдерин жөнгө салуу.

  1. Аскердик курулуш чөйрөсүндө:

— Уюмга мүчө мамлекеттердин территорияларында материалдык каражаттардын запасы бар базаларды түзүү үчүн укуктук негиздерди иштеп чыгуу;

— ЖККУнун Жамааттык күчтөрүн даярдоону жана колдонууну өркүндөтүү.

4. Аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөсүндө:

— аскердик маанидеги продукцияларды өз ара жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн коргоо өнөр жайы тармактарынын ишканаларынын жана уюмдарынын кооперативдик кызматташтыгын мындан ары карай өнүктүрүү;

— курал-жарактарды жана аскер техникаларын оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү борборлорун түзүү

5. Азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу чөйрөсүндө:

— ЖККУ алкагында жалпы антитеррористтик мейкиндикти тузүү боюнча чараларды улантуу;

— ЖККУга мүчө мамлекеттерде террористтик жана экстремисттик деп таанылган уюмдардын Бирдиктүү тизмесин жана реестрин түзүү ишин улантуу;

— БУУнун Глобалдык терроргоо каршы стратегиясын ишке ашыруу боюнча чараларды ЖККУ форматында илгерилетүү;

— ЖККУга мүчө мамлекеттердин чек араларынын боюнда түзүлгөн курч кырдаалды эске алуу менен афгандар ортосунда тынчтык саясий диалогду илгерилетүү боюнча аракеттерди колдоо;

— маалыматтык-коммуникациялык технологияларды террористтик жана экстремисттик максаттарда пайдаланууну аныктоо, алдын алуу жана болтурбоо маселелери боюнча өз ара ыкчам аракеттенишүүнү өркүндөтүү.

  1. ЖККУнун ишмердигин маалыматтык камсыздоо чөйрөсүндө Уюмдун позитивдүү образын калыптандыруу боюнча чараларды улантуу.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты