Төлөгөндүн төрт бурчу
- 9 лет мурун
- Маек
Атамбайыптын «шуубасын» жамынган баатыр…
Ош калаасында Атамбаевдин памилесин «жамынган» Жалил Атамбаев деген жашайт экен. Мыкты жашайт экен. Оштун «теневой» кожоюну деген макамы жана мандаты суу тийбеген жерде бекем катылуу имиш. Аны элдин баары сыртынан тааныганы менен бирөө дагы алигиче өңүнөн көрөлек дейт. Сүрөткө түшпөйт, күндүз көрүнбөйт дейт. Кеч кирер менен эс алуу паркына кирип барып, дарактарды жулуп ыргытып, бир эле түндө көп кабаттуу турак үйдү куруп таштайт имиш. Иши кылып, зор дейт. Анык Зорро дейт. Ош коогалаңында жапа чеккендерге деп курулган үйлөрдөн үч-төрттөн батир алган экен. Сөөмөйүнө, ортонуна, чыпалагына, атыжогуна деп жаздырып ала берген экен. Биздин замандын карманы, опей, каарманы мына ушундай экен…
Тогузунда тоңгон ойлор…
Тазакандуу аппазициянерлер Ырапшан, Дадил, Йуморбек үчөө 9-майда аянтка парад көргөнү барышса, капыстан курушкалап нөшөр төгүп жиберип атпайбы. Турсийлерине чейин суу өтүп кетип, настренийлери байпакка түшүп, байпактын согончок жагындагы жаңы жыртыктан жерге өтүп кетиптир дейт. Ачуусун кимден чыгарышты, чөккөн көңүлдү кантип жазышты билбей турганда кырк бешинчи жылы Берлинди алган бир абышка, үшүгөнүнөн Моргунов, Вицин, Никулиндей кол кармашкан тиги үчөөнө боору ооруп кетип, колчатырын бере салган экен, үйүңөргө жетип алгыла деп. Жылып алгандан кийин аппазициянерлердин ою жаратылышка каршы чыгып, ушундай улуу парадды жаан тийбеген жерде өткөрсө болбойбу, мисалы, араб өлкөлөрүнүн бирин 24 саатка арендага ала коюп. Абышкаларга убал болуп атпайбы деп тигилердин каңырыгы түтөдү дейт… Муну уккан, көргөн, окугандар айтышты. Арадан бир жума өтпөй атактуу Киркоров, Жасмин, Басков келип, чакалап куйган нөшөргө карабай кансерт коюп кетишти. Кары-жаш дебей жапырт келип ыр уккандар үйлөрүнө жыргап тарашты. Бирок бул кансертке аппазициянерлер даап келген жок окшойт, же тогузундагы ыштан-шымдар кургабай калса керек. Ошого карабастан форточкени ачып коюшуп кыйкырып атышты дейт, ушунча акчаны эмнеге жаанга чачышты. Ушулардын ордуна мен Добурдун добушун укмак болчумун депчи. Мейли өздөрү билсин сындаганга да эки-үчөө керек эмеспи…
Ким айтса да жакшы айткан…
Түшкө чейин акыйкатты таанысаң, түштөн кийин бөлөк патрияга өтүп кете берсең болот деп Лао Цзы бекен же Конфуций бекен же М.Шеримкулов бекен, иши кылып бирөөсү айткандай болдуле. Кайжерден айтканы точну эсте жок – 60 жылдык тоюндабы же жетимиш жылдык мааракесинде бекен, айтор, айткан болчу. Балким, ал тойго Рустам Маманов деле барса керек. Анткени, ушуга чейин «Замандаш» партиясындагы санаалаштары менен оюнда эчтеке жок, атдуши кол кармашып, тоо томкоруп жүргөнүн билчүбүз. Эми болсо, мыгын Канат Исаев кагып чыккан «Кыргызстан» деген партиянын сыйлуу орунунда отуру дейт. Демек, Рустам Маманов ошол тойдо точну болгон, эй!..
Үчүнчү сот, бырак эмес…
Жогорку Сотто иштесем дегендер, анын ичинде Конституциялык палатанын соту болсом дегендер кашкабаштын желке чачындай дале арбын десем, ашепке кеткен болбойм. Шанс болсоле эски шапкесин алыс ыргытып, соттун чачуштугу салаңдаган төрт бурчтук тебетейин кийе салсам дегендер четтен табылат. Сөзүбүз куру болбосун, жакындале бир орунга эки талапкердин аты-жөнү аныкталып, бекитилди. Алардын бири – «Кыргыз туусу» гезитинин башредактору Жедигер Саалаев, экинчиси – ЖК депутаты Курмантай Абдиев экен. Жедигер Саалаевди буга чейин адывакат же пуркурор болуп иштегенин эшитпесек да ичибизде ишенип турабыз, кокус, жаза тайып колго түшүп калсак, точуну куткарып чыгат депчи. Бир тыйын албай куткарып чыгат деп… Өшөнтсө да, колго түшпөйле коелу, закүнгө каяша сүйлөбөйле коелу. Балким, куткаралбай калса, өзүбүздүн эле шорубуз да, туурубу, ыя?!.
Төлөгөн Карыкеев