Сооронбай Жээнбековдун үйү, дачасы бар
- 6 лет мурун
- Баяндар
Кыргызстандын аткаминерлери 2017-жылдагы кирешеси жана чыгашасы тууралуу Салык кызматына декларация тапшырып жатышат.
Андагы маалыматтарга таянып, Президент Сооронбай Жээнбековдун өткөн, 2017- жылдагы кирешеси жана чыгашасы тууралуу маалымат бере кетели:
Сооронбай Жээнбеков:
2017-жылы 890 994, 19 сом иштеп тапкан.
Сооронбай Жээнбековдун мындай мүлкү бар:
а) 160,0 чарчы метр келген үйү;
б) 60,0 чарчы метр келген дачасы;
Айыл чарба багытындагы жер участоктору:
а) 11, 19 га;
б) 6,01 га
в) 23,2 га;
г) 21, 05 га.
Айыл чарба техникасы:
МТЗ-80 трактору бар.
Сооронбай Жээнбековдун жакын туугандарынын кирешеси:
Жакын тууганлары 3 700 000,0 сом иштеп тапкан;
Жакын туугандарынын:
а) 64 чарчы м. келген квартирасы;
б) айыл чарба багытындагы жер тилкеси:
в) 10, 0 га;
г) 10,6 га жер тилкеси бар.
Жакын туугандарынын Лексус-470 автомашинасы бар.
Сооронбай Жээнбековдун өткөн жылдагы кирешеси ушундай. Анын тамы, дачасы, жер участоктору, трактору болгону менен, өзүнө катталган жеңил машинасы жок.
Жээнбековдун 2017-жылдагы чыгашасы тууралуу маалымат берилген эмес.