Тажикстан: Түрмө козголоңунан камактагы 13 киши каза болду

Тажикстан: Түрмө козголоңунан камактагы 13 киши каза болду

РИА новости маалымат агенттигинин билдирүүсүнө караганда Тажикстандын түндүгүндөгү Согди облусунун Ходжент шаарында колонияда чыккан козголоңду басуу учурунда камактагы 13 киши каза болду.

Маалымат берген адамдын айтуусуна караганда камакта жаткандардын бири Ислам мамлекети уюмунун мүчөсү болушу мүмкүн, алар күзөт кызматынын курал-жарактарын тартып алган.

Согди облусунун атайын отряды козголоңду баскан.

Тажик күч органдары ал жакта атайын иликтөө тобу иштеп жатышканын билдирген.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты