Садыр Жапаров укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилерине генерал наамын тапшырды

  • 1 год мурун
Садыр Жапаров укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилерине генерал наамын тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилерине жогорку наамдарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын жарлыгы менен башкы прокурордун орун басарлары Сагындык Мукашов жана Кубан Адыл уулу «юстициянын генерал-майору» аскердик наамын, Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов менен ИИМ Академиясынын начальниги Тариель Абитовго «милициянын генерал-майору» наамын, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков «бажы кызматынын генерал-майору» наамын алды.

Сыйлык тапшыруу аземинде Садыр Жапаров генералдардан коррупцияга малынбай, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жазалана турганын эске тутуп, мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн берилгендик менен ак ниет кызмат кылуусун талап кылды. 

Ошондой эле, мындан ары да мамлекеттик түзүмдөрдүн бардык кызматкерлерин материалдык жана социалдык шарттар менен толук камсыздай берерин баса белгиледи. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты