Кыргызстан-Казакстан: Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы жолугушту

Кыргызстан-Казакстан: Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы жолугушту

Астана шаарында Казакстандын Коопсуздук кеңешинин аппараты  менен Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын консультативдик жолугушуусу  өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Президенттинин басма сөз кызматы маалымдады.

Казакстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Габит Байжанов  жолугушууну өткөрүү боюнча биргелешкен демилгени ишке ашыруу боюнча  ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансчекаралык кылмыштарга каршы күрөшүү, диний экстремизмге жана терроризмге жол бербөө жана эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатуу талкууланды.

Ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун, терроризмге, радикалдашууга жана трансчекаралык кылмыштарга жол бербөөнүн  актуалдуу маселелери дагы талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуунун бардык багыттар боюнча  кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгын баса белгилешти.

Кийинки жолугушуу 2019-жылы Кыргызстанда өткөрүлөт.

Сүрөттө: Астана шаары.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты