Баткенде курулуп жаткан үйлөрдүн 332си колдонууга берилди

  • 1 год мурун

Баткен облусунда өткөн жылдын сентябрындагы куралдуу кагылышта талкаланган үйлөрдүн 332си кайрадан курулуп, колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Орунбеков калган 86 үйдүн курулушу март айында аяктарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кагылыштын кесепетинен Баткен облусунда 422 үй жарактан чыккан. Анын 418и жаңыдан курулуп, 4 үй капиталдык ремонттон өтүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты