Сузакта жер тилкелерин жасалма документ менен сатып жүргөн деген шек менен райондук архитектура кызматкери кармалды

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районда жер тилкелерин жасалма документ менен сатып жүргөн деген шек менен райондук архитектура кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Сузак райондук архитектурасынын адиси А.Н.О. Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомун пайдаланып, жеке турак жай куруу үчүн айыл-чарба багытындагы 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жибергени аныкталган.

Шектүүнүн иш бөлмөсүн тинтүү учурунда Сузак айылындагы жер тилкелери боюнча мыйзамсыз даярдалган 200дөн ашык жасалма документ табылган.

А.Н.О. Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кармалып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты