Уланбек Эгизбаев эл аралык абройлуу сыйлыкка татыктуу болду

Уланбек Эгизбаев эл аралык абройлуу сыйлыкка татыктуу болдуУланбек Эгизбаев дүйнөдөгү айтылуу журналисттерге берилчү  David Burke сыйлыгына татыктуу болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун директору Венера Жуматаева 7-ноябрь түнү фейсбук баракчасына жазды.

“Бүгүнкү күн аяктаарда алыскы Америкадан бир чети кубанычтуу, бир чети дагы бир сыйра өкүндүргөн жаңылык келди.

Уланбек Эгизбаев David Burke атындагы дүйнөдөгү атактуу журналисттерге берилчү сыйлыкка татыктуу деп табылыптыр. Уланды ал сыйлыкка «Азаттыктын» жамаатынын атынан көргөзгөнбүз.

Декабрда сыйлыкты тапшыруу аземи Вашингтондо өтөт.

Эх Улан, арабызда аман жүрсөң дагы далай сыйлык алып, сыймыкка бөлөбөйт белең баарыбызды! Бизди таштап кетсең да, эмгегин, эрдигиң унутулбайт, алтын жигит, сени өмүр бою эстеп жүрөбүз!” деп жазды В. Жуматаева.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты