Абанын температурасы төмөндөйт, жаан, кар жаашы мүмкүн

Абанын температурасы төмөндөйт, жаан, кар жаашы мүмкүнЭртең, 8-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Облустарда:

Чүй —түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;

Талас— түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад— түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Ысык-Көл- түнкүсүн -3…+2, күндүз -1…+4;

Нарын— түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 4…6 градус болот.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты