Мухаммедкалый Абылгазиев “Кичи Чаарат” боюнча Цзян Лян-Ю менен жолугушту

 

 

Мухаммедкалый Абылгазиев “Кичи Чаарат” боюнча Цзян Лян-Ю менен жолугушту

Премьер-министр М. Абылгазиев бүгүн, 7-ноябрла, «Кытай Алтыны» алтын кен иштетүүчү корпорациясынын баш директорунун орун басары Цзян Лян-Ю менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Кичи-Чаарат» кен байытуучу фабрикасынын  декабрь айында ишке киргизүү маселеси талкууланды.

Премьер-министр  белгилегендей, Өкмөт инвестициягы коргоого өзгөчө көңүл бурат жана ак ниет, Кыргызстанда мыйзамга ылайык жана экологиялык ченемдер менен талаптарды сактап иштөөгө ниеттенген инвесторлорду ар дайым колдойт.

«Кытай Эл Республикасы биздин стратегиялык өнөктөш, жакын коңшу жана досубуз болуп саналат, кыргыз-кытай кызматташтыгы өтө жогорку деңгээлде турат», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Өз кезегинде Цзян Лянь-Ю учурда үстүбүздөгү жылдын декабрында «Кичи-Чаарат» ЖАК фабрикасын  ишке киргизүүгө даярдыктар аяктаганын маалымдады..
Маалымат үчүн: Куру-Тегерек кенин иштетүүгө 10,5 млрд сом инвестицияланган, 500гө жакын жумуш орундары түзүлгөн.

Бул тууралуу  Өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Сүрөттө: «Кичи-Чаарат» кени аймагында.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты