«Aruu toys»— кыргызча сүйлөгөн куурчак

«Aruu toys»-- кыргызча сүйлөгөн куурчак

Кыргызча сүйлөгөн куурчактар.

Канат Жаныбеков Каракол шаарында туулуп-өскөн. 31 жашта. Үч жылдан бери Бишкек шаарында жашап,жубайы Дания экөө кыргызча сүйлөгөн куурчак жасап сатууга киришти. Адегенде 80 даана куурчак жасашкан. Эми массалык түрдө чыгарууга даярданып жатышат. 

—Айтсаңыз, кыргызча сүйлөгөн куурчактарды чыгаруу идеясы кайдан келди?

«Aruu toys»-- кыргызча сүйлөгөн куурчак

Канаттын кызы куурчактар менен.

—Мындан төрт жыл мурун жаралган. Кызым менен уулум жаш балдардын сүймөнчүгүнө айланган «Керемет көч» тасмасын жакшы көрүшчү. Ошондон улам кызым  Актан менен Акылайдын куурчактарын сураган. Оюнчук сатуучу дүкөндөрдү бүт кыдырып, мындай куурчактарды таппай койгом. Андан соң «Керемет көч» долбоору тууралуу маалымат чогулта баштагам, анын демөөрчүлөрүнүн бири Юнисеф экендиги маалым болгон. Мен Каракол шаардык «Табылга» коомдук фондунун волонтёру болуп катталгам, анын атынан биздеги Юнисеф уюмуна бир нече жолу кат жөнөткөм, бирок жооп ала албадым. Каттын мазмуну долбоордун башкы каармандарынын оюнчуктарын жаратууга уруксат сурап, ал оюнчуктарды жаш өспүрүмдөргө жана балдар үйүнө таратып берүү болчу. Өзүм программист кесибине окугам.

—Өзүңөр качан чыгара баштадыңыздар?

—Ошол күндөн тарта жубайым Дания экөөбүз куурчак жасоонун технологиясын хобби катары үйрөнө баштаганбыз. 2016-жылдан баштап оюнчук жасоого киришип, изденип жатып Касым менен Арууке аттуу эки оюнчук образын жараттык.  Куурчактар сүйлөө функциясына ээ болду жана атайын жерин баскан сайын кыргызча үн чыгарып турушат, мисалга алсак, Касым келечекте учкуч болгусу келет, ал эми Арууке «Кара жорго» бийине чакырат.

—Куурчак кандай материалдан жасалат?

—Куурчактардын кийими жана дене түзүлүш материалы полиэстер деп  аталат.  Материалдардын сертификаттары бар. Жалпысынан куурчактар «Aruu toys» бренди алдында чыгарылат.

—Идеяны коомчулук кандай кабыл алды?

—Коомчулуктун пикирин угалы деп 80 куурчак жасалган. Жарымы интернет аркылуу сатылган, жарымы белек катары таркатылган. Куурчакты массалык түрдө жасоону пландап, жаңы образдардын үстүндө иштеп жатабыз. Жакынкы күндөрдө оюнчук сатуучу дүкөндөргө сатыкка коюлат. Азырынча баасы жакшы тастыктала элек. Куурчактар үчүн Касым менен Арууке тууралуу  жомок китепче кошо тиркелет.

Жаркын Муратбекова 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты