8-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

  • 2 года мурун

Эртең, 8-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, калган учурда жана башка аймактарда кар жаабайт. Чүй менен Таластын айрым аймактарын эртең менен туман каптап, жолдор тоңголок, тайгак болот. 

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

Ал эми ​Бишкекте кар жаабайт, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-5 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +9…+11 градус болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты