Тарых жана ата-бабалар эскерилди

 

Тарых жана ата-бабалар эскерилдиБүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде ата-бабаларга жана мекендештерге арнап куран окутулуп, эстеликтерге гүлчамбар коюлду. Жыйында Президент Кыргызстандын элине Кайрылуу жолдоду.

Мамалекет башчы тарых барактарынын урунттуу окуяларына  токтолду.

“Мындан туптуура 80 жыл мурда 5-7-8-ноябрь күндөрү ушул Чоӊ-Ташта мамлекетибиздин пайдубалын түптөгөн Жусуп Абдрахманов, Мурат Салихов, Осмонкул Алиев, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков жана башка 138 чыгаан инсандын кырчындай өмүрү кыйылган” деди мамлекет башчы.

Тарыхтын урунттуу окуяларына токтолуп келип, Президент ар бирибизди мекенчил болууга чакырды:

“Тарыхтын татаал жолунда эчен-эчен сыноолордон өткөн улуу кыргыз урпактары экенибизди, биздин өлкөбүз кылым карыткан улуу тарыхка ээ экендигин терең сезип, кыргыздын туусун бийик көтөрүп, улуттук ар-намысты ыйык сактайлы.

«Биздин бир гана Мекенибиз бар. Ал — Кыргызстан!”- деди Кайрылууда Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөтүн тарткан: Султан Досалиев.  

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты